Жаңылыктар
БШК: үгүт иштерин 136 маалымдоо каражаттары жүргүзөт
Шайлоо 2023
БШК: үгүт иштерин 136 маалымдоо каражаттары жүргүзөт

БШКнын маалыматына караганда, президентти шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууну каалаган 136 маалымат каражаты аккредитациядан өттү. 

Алардан 14-июндан 4-июлга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 254 кайрылуу түшкөн, анын 195инин документтери кынтыксыз, калганы толукталууда. Маалымат каражаттарынан документтерди кабыл алуу мөөнөтү 4-июлда аяктаган. 

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Саясий жарышка талапкерлигин коюуну көздөгөндөрдөн документтерди кабыл алуу 15-июндан тарта жүрүп жатат. Ушул кезге чейин талапкерлигин коюу тууралуу арыз жазгандардын саны он алтыга жетти.