Жаңылыктар
Аба ырайы 42 градуска чейин ысыйт
Кыргызстан жаңылыктары
 Аба ырайы 42 градуска чейин ысыйт

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 7-8-9 июль күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 25 градуска чейин, күндүз 37-42 градуска чейин жетиши мүмкүн. Тоо этектериндеги айылдарда абанын температурасы 38 градуска, Нарын облусунда 37 градуска, Ысык-Көл облусунда 35 градуска чейин жетет. Бул учурда жүрөк кантамыр оорулар менен ооругандарга эскертүүлөр берилип, суусундуктарды нормадан көбүрөөк ичүүлөрү сунуш кылынат. Мындай жогорку температуралык рекорд 1983-жылы аныкталган. 

Күн ысыган учурда денеңиз кенен дем ала турган, ачык түстөгү кийим кийиңиз. Албетте, баш кийимди да унутпаңыз. Муну менен бирге күндүз күндүн алдында көпкө көчөдө басууну кыскартыңыз. Бир күндө 2-3 литрден кем эмес суюктук ичиңиз. Ачык түстөгү күндөн сактай турган кол чатыр колдонууну сунуштайбыз. Ал эми тамакты бат-бат жеп, жашылча-жемиштерден же кычкыл сүт азыктардан жасалган тамакка басым жасаңыз.

Балдарды, карыларды бекитилген унаанын ичине жалгыз таштабаңыз. Эгерде өзүңүздү жаман сезип жатсаңыз, жардамга чакырып же колуңуздан келген чараларды көрүңүз.

Тутан Валерий уулу, “Биринчи радио”