Жаңылыктар
Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр
Саясат
Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр

Кыргызстан Кытайга эт, сүт, балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапатын көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен жолугушканда билдирди. 

Тараптар эки өлкөнүн кызматташуусун талкуулап, жолугушуунун аягында бир катар документтерге кол коюшту. 

Акыркы жылдары биздин продукцияны Кытайга экспорттоо дээрлик өскөн жок. Ага карабастан, Кытай Кыргызстандын бирден бир негизги соода өнөктөшү. Биздин өлкөбүздүн айыл чарба продукцияларынын колдонулбаган ири экспорттук потенциалы бар. Алсак, Сооронбай Жээнбеков жолугушууда белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен айыл чарба, анын ичинде ветеринария жана фитосанитария тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты колдойт. Ал эми кытай делегациясынын Кыргызстанга иш сапары кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүгө кызыктар экенин тастыктайт. 

Премьер Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Жибек жолунун экономикалык алкагы - Кытай стратегиялык соода долбоорун түзүү идеясын колдой тургандыгын белгиледи. Ошондуктан Кыргызстан кытай тарап менен жемиштүу иштешүүгө даяр.Ошондуктан Кыргызстан Кытайга сата ала турган айыл чарба продукциясына фитосанитардык уруксаттарды берүү маселесин эртерээк чечиши керек.Анан кытай тарабынын колдоосунда Кыргызстанда товарлардын сапатын текшерүү жана аларды тастыктоо боюнча лабораторияларды куруу процессин тездетүү зарыл. Булар экспорттун көлөмүн жогорулатат. Министр Чжи Шупинг Кытай Өкмөтү Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин айтты.