Жаңылыктар
Ананьево: жабыркагандардын дагы бири көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Ананьево: жабыркагандардын дагы бири көз жумду

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында газдын жарылышынан жабыркагандардын дагы бири көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда ал Бишкектин Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткан. 

Каза болгон жаран 57 жашта болчу,анын денесинин 70 пайызы күйгөн эле.Дарыгерлердин айтуусуна караганда оорууканага түшкөндө эле абалы өто оор болчу.

Бүгүнкү күндө жабыркагандардын дагы экөө, 25 жана 26 жаштагы жарандар ооруканада жатат. Экөөнүн тең абалы оор. 19-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ куюучу станцияда болгон жарылуудан ата-бала набыт кеткен. Оор абалда ооруканага жети адам жаткырылган.