Жаңылыктар
Балдардын жайкы эс алуусу
Кыргызстан жаңылыктары
Балдардын жайкы эс алуусу

Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ысык-Көлдөгү "Жетиген” инновациялык балдар лагеринде эс алышууда. Алардын жайкы эс алуусу Европа союзунун финансылык колдоосу аркалуу ишке ашып жатат,ал эми долбоордун уюштуруучусу "Мен Кыргызстанды сүйөм" аттуу жаштар уюму. 

Жетиген” инкклюзивдик жайкы эс алуусу- бул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен дени сак балдардын бирге эс алуусу. Мындай учурда балдар арасында баарлашууга чек коюуу же бөлүп жаруу маселеси жоюлуп, бири-бирине болгон көз карашы өзгөрөт. Лагерге өлкөнүн жети облусунан сегиз жаштан 17 жашка чейинки жаш жеткинчектер тартылган. 

Балдардын эс алуусун толук кандуу камсыздоо максатында турдүү кружоктор каралган. Анда балдар атайы адистер менен беш тайпага бөлүнүп оюн түрүндө көп нерсеге үйрөнүшөт. Ар бир кеч тематикалык негизде өтөт, ага 150 бала тең активдүү катышканга аракет кылууда.

Ал эми өзгөчө балдар менен психологдор да иш алып барат. Адистер ар бир балага өзүнчө көңүл буруп, баарлашып турат. Алардын маторикасын өрчүтүп, кагаз менен иштөө, сүрөт тартуу, түрдүү оюнчуктарды жасоо жайкы лагердин программасынын негизинде жүргүзүлөт