Жаңылыктар
Өзү изилдеген оорудан көз жумган окумуштуу Алмаз Алдашев
Ден соолук
Өзү изилдеген оорудан көз жумган окумуштуу Алмаз Алдашев

Ала-Арча көрүстөнүндө кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, академик Алмаз Алдашевдин эстелиги тургузулду. 

Айкелдин ачылышына интеллигенция өкүлдөрү, академиктин дос, курбулары жана жакындары чогулган. Алар илимпоздун баскан өмүр жолундагы эмгектери менен кошо адамдык сапатын эскеришти. Алмаз Алдашев бир жыл мурун 63 жаш курагында дүйнө салган. 

Ал бир нече илимдин түрүн казып, көп багыт боюнча иликтөө жүргүзүп дүйнөгө таанымал окумуштуу болгон. Молекулярдык биология боюнча белгилүү биохимик Алмаз Алдашев бир нече илимий наамдардын ээси. Алдашев гипотезалык ачылыш кылып, кыргыздар байыркы эл экендигин далилдей алган. Маркум улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, биология илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген илимий ишмер, бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 

Анын изденүүлөрүнүн натыйжасында жүздөн ашуун илимий эмгектер жасалган. Чет элдик 76 илимий журналда Алдашевдин илимий иштери тууралуу макалалар жарыяланган. Илимдин артынан түшкөн чыгаан окумуштуу өзү изилдеген дарттан көз жумган.