Жаңылыктар
Унаа кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды
Кырсык
Унаа кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Бишкек-Токмок айланма жолунда катталган автокырсыктан үч адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, автожолдун 55-чакырымында катуу ылдамдыкта бараткан Toyota avensis үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктан унаадагы үч адам мерт болуп, бир жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди. Маалыматка ылайык, автоунаа Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткан.