Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды
Саясат
Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды.Ал мамлекет башчысына Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарында жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү жана андагы элге жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. 

Анда биринчи вице- премьер-министр жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге жаңы үйлөрдү курууга бөлүнгөн аймактарды өздөштүрүү,аларга электр энергиясын жеткирүү,жолдорду куруу,ичүучү жана сугат суу менен камсыз кылуу, социалдык обьектилерди куруу иштери кызуу жүруп жатканын айтып берди. 

Алмазбек Атамбаев курулуш иштерин так жана өз мөөнөтүндө аяктоо үчүн мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишин так жана шайма-шай жүргүзүшү керек экенин билдирди. Мамлекет башчысы ошондой эле жаратылыш кырсыктары көп кайталанган аймактарда анын кесепетин жоюу, жана ага каршы туруу боюнча калк арасында түшүндүрүу иштерин мындан да активдүү жүрүшү керек деди. 

Мындан сырткары турак жайды камсыздандыруу маселелерине басым жасоо зарылдыгын кошумчалады.