Жаңылыктар
Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин койду
Саясат
Турсунбек Акун президенттикке талапкерлигин койду

БШКга дагы бир талапкерден арыз түштү. Комиссияга президенттик кызматка талапкер катары Турсунбек Акунду көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын арызы келди. Турсунбек Акун жогорку саясий кызмат ордуна аттанган 18-талапкер болду. 

Буга чейин борбордук шайлоо комиссиясына 15 жарандан Кыргыз Республикасынын Президентик кызматына өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн. Мындан сырткары 2 жаран саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.