Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирде экинчи орунга ээ болду (видео)
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирде экинчи орунга ээ болду (видео)

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Польшада өткөн эл аралык турнирде экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды. Варшава шаарында 7-июлда башталган мелдеш 9-июлда аяктап, анда жалпысынан 24 медаль ойнотулду. 

Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышып, мелдештин биринчи күндөрү Литва, Белоруссия жана Германиядан келген атаандаштарын утуп алган. Финалдык беттеште ал америкалык Элен Марулис менен кездешкен.

Беттеш учурунда Тыныбекова жаракат алып, оюн мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ошентип америкалык балбан кыз 9:0 эсебинде жеңишке жетти. Аталган мелдешке Кыргызстандан Тыныбековадан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Назира Марсбек кызы катышкан.