Жаңылыктар
Жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны арбыды
Кырсык
Жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны арбыды

2017-жылдын 6 ай аралыгында республика боюнча балдардын катышуусунда 569 жол кырсыгы катталган. 

Анын айынан 30 баланын өмүрү кыйылып, 637 бала денелеринен ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алышкан. 

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин патрулдук милиция башкармалыгынан билдирди. 

Ошондуктан бул багытта көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын серепчилер эске  салышат.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"