Жаңылыктар
Өкмөт: айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо аракети жүрүүдө
Айыл чарба
Өкмөт: айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо аракети жүрүүдө

“2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясы" бекиди. Токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу түшүмгө ээ болуу. Адистердин белгилөөсүндө учурда дан эгиндеринин, мөмө -жемиш жана бакча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөн. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7- июлунда премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “2017-2020-жылдарга карата айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу Концепциясын бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтомуна кол койду. Концепциянын негизги максаты – айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн тынымсыз көбөйтүү, жердеги азык заттардын балансын жакшыртуу жана туруктуу түшүмгө ээ болуу.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"