Жаңылыктар
Жол эрежесин бузгандар көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин бузгандар көбөйүүдө

Өлкө аймагында жол эрежесин бузуу 0,8 пайызга өстү. Бул тууралуу маалыматты патрулдук милициянын башкы башкармалыгынан билдиришти. Статистикалык далилдерге ылайык орто эсеп менен жылына 700-800 миңден ашык  жол эрежесин бузуу фактысы катталат. 

Соңку беш жыл аралыгында айдоочулардын жол эрежесин бузуудан мамлекет казынасына 1 миллиард сом түшкөн. 

Учурда жалпы республика аймагында коомдук унааларга  болгон талап күчөтүлдү. Анын жыйынтыгы бир  айга созулган “Жүргүнчүлөр транспорту” аттуу рейд соңунда коомчулукка жар салынат. Мындай иш чара жүргүнчүлөрдү маданияттуу  тейлөөгө өбөлгө жаратат дешет адистер.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"