Жаңылыктар
Ноокаттын Гүлистан айыл аймагына 30 жылдан кийин суу жетти
Айыл чарба
Ноокаттын Гүлистан айыл аймагына 30 жылдан кийин суу жетти

30 жылдан ашуун таза сууга чаңкап келген Ноокаттын Гүлистан айыл аймагына суу жетти. Эми, аймактын дыйкандары кайракы айдоо аянттарын жашылдандыруу аракетин көрүп жатышат. Өлкөбүз суунун башы экенине карабай, бүгүнкү күнгө чейин таза сууга чаңкаган аймактарды кезиктирүүгө болот. 30 жылдай суу көрбөгөн Ноокаттын Гүлистан айыл аймагындагы 4 миң гектар айдоо аянты кургап, какыраган ээн талаага айланган. Тиричилиги дыйканчылык менен өткөн элеттиктер жаан-чачын аз болгон жылы бир топ чыгымга учураган. Айрым жерлерден кайракы түшүм алууга да мүмкүн болбой калган.

"Айылдыктардын бар-тапкан киреше булагы ушул айдоо аянттарынан жыйнаган түшүмү. Кайракы жерге эгилген эгин ойдогудай түшүм бербейт. Мына ушул элдин социалдык абалын көтөрүү максатында аймакка суу алып келдик",- дейт Гүлистан айыл аймагынын башчысы Эргешали Шайназаров.  

Какыраган талаага кайрадан жашоо тартуулаган ири долбоордун сметалык наркы 3 миллион сомду түзгөн. 600 миңи жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калганына эл аралык уюмдар каржылык колдоо көрсөткөн.
Суунун келээрин уккан багбан Тажикан Атаназаров, үлүш жер аянтына 200 түп алма дарагын отургузганга үлгүрдү.