Жаңылыктар
Ырыспайдын ырларын укпасам азыр да жашай албайм... (аудио)
Маданият
Ырыспайдын ырларын укпасам азыр да жашай албайм... (аудио)

Радиодон атактуу Ырыспайдын ырдаганын уккан сайын бир окуя дайыма эсиме түшө берет.

Ысык Көлдөгү “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине жолдомо алып барып калдым. Ал жерде менден бир күн мурун келген Салика аттуу эже менен таанышып, экөөбүз бир бөлмөдө чогуу жашай турган болдук. Телефонуна бирөө чалганда Рыспай Абдыкадыровдун “Издейм сени” деген ыры коңгуроо катары ырдалып турат экен. Бирөөлөр чалган сайын эле “Издейм сени” жаңыра берди.

–Эже, сиз Ырыспайдын күйөрманы окшойсуз, ээ? – деп сурадым. Ал мени абдан ынтаасын коюп жылмая тиктеди да...

“Бейпил түн” адабий-музыкалуу уктуруубуз атактуу обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына байланыштуу болот. Уктурууну даярдап жана алып барган Элмира Ажыканова.