Жаңылыктар
Өлкө аймагында абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды
Билим
Өлкө аймагында абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Бүгүн өлкө аймагында абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу башталды. Абитуриенттер ЖОЖдорго жалпы республикалык тестирлөөдөн алган талондорду тапшырып жатышат. 12-июлга чейин ажыратылма талондорду чогултуунун биринчи туру өтөт. Ал эми 13-июлда билим берүү мекемесине окууга өткөндөрдүн тизмеси илинет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жазылган сертификатты көтөргөн абитуриенттер, түрдүү багыттагы факультеттер жана кабыл алуу комиссиясы. Ар бир абитуриент толкунданып турганын айтат. Себеби, жогорку окуу жайга өтүү - абдан жоопкерчиликтүү кадам. Мираида Жалал-Абаддан келген. Ал жогорку окуу жайга талонун тапшырган. Эми 2 күн уктабайт окшойм дейт, анткени окууга өткөн-өтпөгөнү 2 күндөн кийин билинет. Быйыл жогорку окуу жайларда бюджеттик негизде окууга 5705 орун каралган болсо, анын 5300гө жакыны Кыргызстандын жогорку окуу жайларына берилген.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 13-июлда билим берүү мекемесине өткөндөрдүн тизмеси илинет. Алар 15-июлга чейин ЖОЖго тапшырууга калоосун тастыкташы керек.