Жаңылыктар
Улуттук валюта долларга карата арзандоодо
Экономика
Улуттук валюта долларга карата арзандоодо

Соңку учурларда улуттук валюта долларга карата арзандап жатат. Серепчилер буга таасир эткен факторлорду ар түрдүүчө атаганы менен - АКШ валютасынын наркы 70 сомдан ашып кетпейт деп ишендиришүүдө. 

Эске сала кетсек доллардын баасы 2017- жылдын апрель айынын соңуна карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча  67 сом 24 тыйындын тегерегинде болгон. 

Учурда 69 сом 62 тыйындын айланасында катталууда. Июль айынан бери Улуттук банк 22 миллион 100 миң доллар сатыка чыгарды.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"