Жаңылыктар
Өкмөттүн Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу бекемделүүдө
Экономика
Өкмөттүн Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусу бекемделүүдө

Өкмөт Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууга өзгөчө маани берет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Саед Ага баштаган делегация менен жолукканда айтты. 

Өкмөт башчы Ислам өнүктүрүү банкын «Таза Коом» жалпы республикалык долбоорун жана 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиялык планын ишке ашырууда каржылык-техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды. Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Саед Ага Кыргызстандын экономикасында алгылыктуу өсүү көрсөткүчтөрүн жана мындан аркы кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Ошондой эле, делегация башчысы Ислам өнүктүрүү банкы бир гана долбоорлорду каржылоого гана эмес, аймактарды өнүктүрүүгө дагы кызыкдар экендигин билдирди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артып, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандаре Хаджаранын Кыргызстанга келип кетиши үчүн чакыруу берди.