Жаңылыктар
Баткен: Боз-Адыр айылы сугат сууга мукташ
Айыл чарба
Баткен: Боз-Адыр айылы сугат сууга мукташ

Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Боз-Адыр айылында 400 гектардай жер, сугат суунун жоктугунан иштетилбей келгенине 25 жылдан өтүптүр. Ал жерге союз убагында насостук станция менен Өзбекстандан 10 кубтай суу тартылып, бир жылда  эки жолу түшүм алган учурлар да болгон экен. Бирок кийин суу жетпей, кайрак жерге айланган. Учурда 700дөй жарандын дыйканчылыкгы токтоп турат. 

25 жылдан бери эгин эгилбеген жердин салыгын толук төлөп келе жаткан жарандар үлүш  жерлерге суу тартып беришсин же болбосо салыкты кыскартышсын деген талабын  коюшту. 

Быйылкы жылы Апкан, Бөжөй жана Боз-Адыр айылдарына суу тартуу үчүн Агахан фондунан 350 милион сом каралмакчы. Эгерде акча бөлүнүп долбоор ишке кирсе, анда Боз-Адыр айылындагы 1000 гектар жерге суу тартылып, дыйканчылык жанданат.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"