Жаңылыктар
Каркыра автожол чек ара өткөрүү жайында ыңгайсыздыктар жоюлду
Чек ара
Каркыра автожол чек ара өткөрүү жайында ыңгайсыздыктар жоюлду

Түп районундагы Казакстан менен Кыргызстан чектешкен Каркыра автожол чек ара өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп жатат. Азыркы тапта бул өткөрүү жайында кезек күткөндөр жок. 

Белгилей кетсек, бул жайда кезек күткөндөрдүн саны арбын болуп, ыңгайсыздык жаралууда деген кабар айрым маалымат булактарына чыккан. Күткөндөрдүн узун кезеги өткөн жуманын алтысынан сегизине чейин катталган. Бирок Кыргызстан тараптан эмес, Казакстан жак капталында болчу дешет чек арачылар. Алардын бардыгы Ысык-Көлгө эс алганы келе жаткан туристтер болчу. 

Алардын нааразычылыгы чек арадагы ыңгайлуу шарттардын жоктугунан жана чек арачылардын ыкчам иштебегендигинен улам келип чыккан. Азыркы убакта эки тараптын тең чек арачылары штаттык режимде иштеп, кезек күткөндөр жок. Туристтердин көп агымы каталган учурда эки тараптын тең чек арачылары кечки саат сегизге чейин иштешүүдө.

"Биз жаңы келгенде өткөрүү жайы жаңы ачылып жатыптыр. Анан эле көп машине чогулуп калды. Кезек күткөндөр көбөйдү. Бир жарым сааттай турдук",- дейт турист Елена Бережная.

"Менимче баары эле штаттык режимде жүрүп жаткандай. Стандарттык процедуралар деп ойлойм. Анткени мен көп чет өлкөгө чыгып, мындай нерсени көп эле көрүп жүрөм",- деди турист Шавкат Гатаулин.

"Кезеке аябай көп чогулуп калган учур эки күн болду. Алтысынан сегизине чейин. Ошол күндөрү Казакстанда төрт күн удаа бош күндөр болуп калып Ысык-Көлгө каттагандардын саны көбөйүп кеткен. Казакстан тарап бул көрүнүштү жою аракетин жакшы эле көрүштү. Биз тараптан болсо өтүп жаткандарды кармаган жокпуз тез- тез өткөрүп жаттык",- деди №2028 чек ара аскер бөлүгүнүн "Каркыра автожол" чек ара өткөрүү жайынын башчысы Нурлан Намазбеков.