Жаңылыктар
Ысык-Көлдө "Тескей жээк" аталган этнофестиваль өтөт
Туризм
Ысык-Көлдө "Тескей жээк" аталган этнофестиваль өтөт

Тоң районунда "Тескей жээк" аттуу этнофестиваль өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара 15-июлда "Манасчылар үйүндө" болот. 

Быйыл алгачкы жолу өтүп жаткан фестивалда "Салбуурун" оюндары, элдик оозеки чыгармачылык, кыргыздын түрдүү улуттук оюндары жана каада-салттары конокторго тартууланат. Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган буюм-тайымдардын, улуттук тамак-аштардын жармаңкеси уюштурулат. Кыргызстанда жыл сайын түрдүү тематикадагы маданий иш-чаралардын саны арбып баратат. 

Эксперттердин белгилөөсүндө, мындай иш-чаралар ички-тышкы туризмди өнүктүрүү менен бирге элет элинин жашоосун жакшыртууга себепкер болот.