Жаңылыктар
Кыргыз-Грузин кызматташтыгына - 25 жыл
Саясат
Кыргыз-Грузин кызматташтыгына - 25 жыл

Президент Алмазбек Атамбаев менен Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. 

“Чейрек кылымдын аралыгында биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүз саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну жөнгө салып, өз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө жетишти. Салттуу достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-грузин мамилелерин мындан ары чыңдоодо пикирибиз бир экендигин көрсөткөндүгүбүз өткөн жылы Грузияга жасаган расмий сапарымдын маанилүү жыйынтыгы болду деп эсептейм”, - деп белгиленет Кыргызстандын президентинин куттуктоосунда. 

Президент Георгий Маргвелашвили өз куттуктоосунда кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан менен Грузия эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык аренада дагы өз ара пайдалуу өнөктөштүккө чейин жетише алгандыгын белгиледи жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.