Жаңылыктар
Экономикалык көрсөткүчтөр өстү
Экономика
Экономикалык көрсөткүчтөр өстү

Кыргызстандын экономикасы жыл санап туруктуу өсүүнү камсыз кылууда. Маселен акыркы жарым жыл ичинде ички дүң өнүмдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 6 жарым пайызга өскөн. Көрсөткүчтөрдүн жогорулоосуна кайсы тармактар түрткү берүүдө? Кабарчыбыз Самат Асипов айтып берет. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, учурда экономиканын бардык тармактарында өсүш орун алууда. Ички дүң өнүмдүн өсүп жатканы да мына ушуга байланыштуу.

Адистердин айтымында, азыркы учурда өлкөдө тамак-аш өнөр жайы жана тигүү тармагы олуттуу өнүгүүдө. Экономиканын жогорулоосу быйыл 106 пайыз деп белгиленди. Экономисттер бул көрсөткүчтөрдү эми жыл соңуна чейин анын төмөндөөсүнө жол бербей кармап турушу керек. Быйылкы жылы өсүү ыргагына болгон божомол 103,5 пайыз. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүү дагы артта калбай өсүүдө - быйыл ал 11%дан ашты. Өсүү үлүшүнүн негизги бөлүгүн - кыргыз товарларынын экспорту түзүүдө. 

Мындан сырткары өлкөдө курулуш тармагы тез ыргак менен өнүгүүдө. Көп кабаттуу үйлөр салынып, мамлекеттин негизги автожолдору курулууда. Ага катар Бишкек жылуулук электр борбору жана Токтогул ГЭСти толук реконструкциядан өтүүдө. 

Экономиканын жогорулоосу быйыл 106 пайыз деп белгиленди. Экономисттер бул көрсөткүчтөрдү эми жыл соңуна чейин анын төмөндөөсүнө жол бербей кармап турушу керек. Быйылкы жылы өсүү ыргагына болгон божомол 103,5 пайыз. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүү дагы артта калбай өсүүдө - быйыл ал 11%дан ашты. Өсүү үлүшүнүн негизги бөлүгүн - кыргыз товарларынын экспорту түзүүдө.