Жаңылыктар
Жаңы таштанды талаасы курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы таштанды талаасы курулат

Бишкектеги таштанды талаасы жабылып, ордуна башкасы курулат. Бул үчүн каражат да табылды. Бул максатка деп Европа биримдиги жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 22 миллион евро бөлүп берди. 

Баягы эле таштанды маселеси. Бул жерде дээрлик жарым кылымдан бери топтолгон таштанды жатат. Этан, метан, пропан сыяктуу газдар бөлүнүп чыгып, экологияга олуттуу зыянын тийгизүүдө.

Миллиондогон тонна таштанды топтолгон бул жер жашылдандырылат дегенге бир чети ишенүү кыйын. Бирок, бул ишти Бишкек муниципалдык бийлиги колго алды. Бул үчүн атайын долбоор иштеп чыгып, Эстониялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Эми келишимге кол койгон компаниялар акырындык менен таштандыны жер алдына көөмп, жок кылат.

Эми негизги жаңылык. Азыркы таштанды талаасынан анча алыс эмес жерге жаңы таштанды талаасы курулат. Аянты 30 гектар болуп, бардык инфраструктурасы менен болот. Каражат жагын Европа биримдиги, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы көтөрүп, 22 миллион евро бөлдү. Анын 50 пайызы гранттык, калганы насыя түрүндө берилди.