Жаңылыктар
"Бишкек суу канал" ишканасындагы мыйзамсыз иштер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Бишкек суу канал" ишканасындагы мыйзамсыз иштер аныкталды

"Бишкек суу канал" ишканасынын жетекчилигинин шалаакылыгынан улам мыйзамсыз иштерге жол берилгени белгилүү болду. 

Мамэкотехинспекциянын Суу объектилерин жана ресурстарын коргоо башкармалыгына Ак-Ордо конушунун тургундарынын үйлөрүнөн бир топ убакыттан бери, иче турган суу тиешелүү деңгээлде чыкпай жатат деген арыз түшкөн. Анын негизинде, инспекторлор тарабынан суу бөлүштүрүүчү "Бишкек суу канал" ишканасы текшерилди.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгында Ак-Ордо конушунун Алыкул көчөсүндө унаа жууган мыйзамсыз жайлар аныкталды. Алар эч кандай уруксаат кагаздары жок ишмердүүлүк кылып жүргөн. Ишкананын өкүлдөрүнө кемчиликтери жеринде көрсөтүлүп, актылар толтурулду. Ошондой эле, ишкананын Баш-Карасуу суу бөлүштүрүүчү жайында техникалык талаптар бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, ишкананын суу бөлүштүргөндө анын өлчөмүн ченеп турган жабдыктары 2 айдан бери иштебегени белгилүү болду. Учурда мамэкотехинспекция мыйзамсыз иштерди жоюу боюнча чараларды көрүүдө.