Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин катары дагы толукталууда
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин катары дагы толукталууда

Кыргызстандын президенттик кызматына өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөндөрдүн катары дагы төрт жаран менен толукталды. БШКга өзүн талапкерликке көрсөтүү тууралуу «Империал Девелопмент» мекемесинин башкы директору Куттубек Бешбаковдун арызы келди. 

Ошондой эле талапкерлердин катарына кошуу өтүнүчү менен «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору» ишканасынын башкы директору Игорь Трофимов кайрылды. 

Мындан сырткары, убактылуу жумушсуз Максатбек Жумабековдун жана Улукбек Кочкоровдун арыздары түштү. Жалпысынан ушул убакытка чейин 20 жарандан президентик кызматка өзүн-өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келсе, 3 жаран саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.