Жаңылыктар
Баткендин Кадамжай районунда селдин кесепеттери жоюулууда
Өзгөчө кырдаал
Баткендин Кадамжай районунда селдин кесепеттери жоюулууда

Баткендеги Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат. 11-июлда саат кечки алтылар чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кулду айылында, Орозбеков айылынын Учкун, Гузар тилкелеринде сел жүрүп, селдин агымынан электр мамычалары, ички чарбалык арыктар менен жолдор зыянга учураган. ӨКМдин маалыматына караганда адамдар жабыркаган жок.

Селдин айынан Орозбеков айыл аймагында электр энергиясы атайын өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн райондун жарандык коргонуу комиссиясы, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, Кадамжай райондук башкармалык, куткаруучулар жана керектүү техникалар тартылган. Орозбеков айылында 1 турак үйдү толугу менен сел бузуп кеткен. 4 турак үйдүн жертөлөсүнө суу кирип, 6 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 3 ички чарбалык көпүрөнү агызып, 300 метр ички чарбалык жол, 500 метрге созулган чарбалык арыктар кум-шагылга толуп калган.