Жаңылыктар
Ишкер чөйрөнүн кызматташыгы жана ишкерлери колдоо
Экономика
Ишкер чөйрөнүн кызматташыгы жана ишкерлери колдоо

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Америка ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун баштаган АКШ соода миссиясынын делегациясы менен жолукту. 

"Премьер Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин айтып, биз мамлекеттик деңгээлде тыгыз байланыштарды колдоого алып, экономика жана инвестиция тармактарында кызматташтыкты кеңейтебиз», – деп баса белгиледи. 

Томас Файерстоун эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Америкадан келген ири компания өкүлдөрүндө Кыргызстандын экономикасына каражат салып, инвестиция жумшоого кызыкчылыктары пайда болгонун билдирди.

Ошондой эле, бүгүн экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ата мекендик өндүрүүчүлөр мамлекеттен каржылык колдоо алышаары белгилүү болду. Муну тастыктаган буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Мындай ишканалар жеңилдетилген насыяларды ала алышат. Финансы министрлигине жалпы суммасы 350 миллион сом болгон долбоорду быйылкы жылдын республикалык бюджетинин алкагында каржылоо тапшырмасы берилди. Долбоорго ылайык ишканалар каржылык чыгымдарын азайтып, насыяларды тейлөөгө жана продукциялардын сапатын жакшыртууга жабдууларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялар менен камсыздалат.


Долбоордун алкагында коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер тарабынан ишкерлерге 2017-жыл ичинде экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу үчүн жеңилдетилген үстөк пайыз менен берилет.