Жаңылыктар
Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүүдө
Туризм
Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүүдө

Туристтер Кыргызстанга көп келип жаткандыктан улам чек арада кезек күтүүлөр жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Мекеме турсезондун башталышы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, өзгөчө Казакстандан Ысык-Көлгө бет алган жарандардын саны көбөйгөнүн ырастады. Жүктөрдү жана унаа каражаттарын өткөрүү күнү-түнү жүргүзүлүүдө. 

Бирок, кезектердин топтолушу толук ыктымал. Чек ара кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, учурда өткөрүү пункттарында иштөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө. Жарандар менен унааларды каттоонун автоматташтырылган системасына кошулуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу чек арада эс алуучулар менен унаалар чогулуп туруп калышы мүмкүн. Азыркы тапта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында сегиз көзөмөл-өткөрүү пункту иштеп жатат.