Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иштермандарды сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иштермандарды сыйлады

Дарыгерлер, мугалимдер, маданият ишмерлери, ишкерлер, билим берүү, айыл чарба жана катардагы мамлекеттик кызматкерлер. Мына ушул кесиптин ээлеринен турган 130га жакын адам жогорку мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. 

Сыйлык тапшыруу аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Энесай” конок үйүндө өтүп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев сыйлыктарды ар бир сыйлык ээлерине жеке өзү тапшырды. Президент өз сөзүндө акыркы кезде мамлекет тарабынан билим берүү, маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, кызматкерлердин айлык маяналары жогорулап, өлкө аймагында бир нече жаңы мектептер курулуп, эскилери оңдолуп жатканын белгиледи. 

Ошондой эле, өлкө башчы мамлекеттин өнүгүшүнө башка тармак ээлеринин да салымы чоң экенин белгилеп, аларга ак эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мамлекеттик сыйлыктар экинчи, үчүнчү даражадагы “Манас” ордени, "Даңк" медалы, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген айыл чарба кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери наамдары боюнча ыйгарылды. Мындан сырткары 50дөн ашык киши ардак грамоталар менен сыйланышты.