Жаңылыктар
ИИМ: куралдуу кылмыш тобу кармалды
Кылмыш
ИИМ: куралдуу кылмыш тобу кармалды

ИИМдин кылмыш иликтөө жана тергөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери көптөн бери мекемеле-ишканаларды курал менен тоноп жүргөн топту колго түшүрдү. 

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, кылмыштуу топ Бишкектеги “Цзи Сянь” ресторанын, “Альфа-Секьюрити” күзөт агенттигин, борбордогу лифт оңдоочу ишкананы жана дагы бир инженердик мекемени тоноп жалпы суммасы 800 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун беш мүчөсү аныкталып, анын бири Орусиядан кармалса, үчөө Кыргызстанда колго түштү.

Кылмыштуу топтун дагы бир негизги уюштуруучусуна эл аралык издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери жүрүп, уурдалып кеткен ок атуучу курал-жарактар табыла баштады. Ушул жылдын 6-февралында Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесинен каракчылар 100 миң сом алып кетишкен. Анда бет кап кийген, куралчан төрт адам кафеге кирип барып ок чыгарган. Окуя учурунда кафедеги кардарлардан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми 1-майда «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин курал кампасынан "Сайга" үлгүсүндөгү 9 карабин мылтыкты, 10 "Макаров" тапанчасын белгисиз кишилер уурдап кетишкен. Ыкчам-тергөө тобу кампага барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган.