Жаңылыктар
"Ак-Тилек" көзөмөл жайы оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
Чек ара
"Ак-Тилек" көзөмөл жайы оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Быйыл жаздан тарта Токмоктогу жана Канттагы "Кең-Булуң" көзөмөлдөп өткөрүү жайындагы жаркыраган жаңы имараттарда чек арачылар милдетин аткарып баштаган. Азыр "Ак-Тилек" көзөмөл жайы дагы оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан учуру.

Эшигин көрүп, төрүнө өт демекчи өлкөгө баш багып кирген коноктор чу дегенде эле чек арадагы көзөмөлдөп өткөрүүчү жайларга келип түшөт. Эми аларды ушундай шарты жакшырган жагымдуу атмосфера тосуп алмай болду. Тагыраак айтканда Токмок, Кең-Булуң көзөмөлдөп өткөрүү жайлары.
Ыңгайлуу шарт түзүлмөйүн иштин майы да чыкпайт. Андыктан бул “Токмок-автожол” көзөмөл өткөрүү жайындагы заманбап үлгүдө салынган имарат чек арачылардын кыраакылыгын күчөттү. Анткени Мамлекеттик курулуш агенттиги имаратты жалтырата куруп, ичинде жоокерлер үчүн бардык шарттарды да эстен чыгарган эмес.
“Ак-тилек” көзөмөлдөп өткөзүү жайында жоокерлер милдетин өз нугу менен өтөп жаткан учуру. Аны менен катар көзөмөлдөө жайын реконструкциялоо иштери да жүрүп жатыптыр. Анын чатыры толугу менен жаңырып, адам өтүүчү жерлер кеңейтилет. Бул үчүн мамлекет 6 жарым миллион сом бөлүп берди.
Мекен - чек арадан башталат демекчи ата мекендин бейпилдигин сактоо милдети биринчи орунда турат.