Жаңылыктар
Т.Турсунбаева тирүү болгондо 73 жашка чыкмак
Маданият
Т.Турсунбаева тирүү болгондо 73 жашка чыкмак

Бүгүн улуу актриса, кыргыз киносу менен театрынын өчпөс жылдызы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо быйыл 73 жашка чыкмак. Таттыбүбүнүн бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев карындашынын эстелигине туулган күнүндө эле эмес, башка күндөрү да гүл көтөрүп келет. Анын бир гана арманы бар - Таттыбүбүнүн өмүрдөн эрте кеткени. 

Улуу талантты жоготкон убак 1982-жыл болчу. Таланты менен сулуулугу ширелишкен актриса 37 жашында дүйнө менен кош айтышкан. Бир убакта “Кыргыз керемети” деген атакка ээ болгон кыргыздын кино дүйнөсүн - дүйнөлүк аренага таанытканга салымын кошкон. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти “Акмөөр”, “Уркуя”, “Кызыл алма”, “Атадан калган туяк”, “Саманчынын жолу”, “Сүйүү жаңырыгы” кинолорунда мыкты ролдорду аткаруу менен элдин эсинде кыргыздын кайталангыс сулуу периси бойдон жашап калды.