Жаңылыктар
Аксыда мөндүр аралаш жаандын кесепетинен сел жүрдү
Кырсык
Аксыда мөндүр аралаш жаандын кесепетинен сел жүрдү

Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 12-июль күнү саат 18:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам Кара-Ой жана Жыл–Булак аймактарындагы колоттордон келген сел суулар 13 турак жайдын короо жайларын каптап, сел өткөрүүчү сай кум-шагылдарга толгон.
Кербен-Сары-Челек унаа жолунун 4 жеринен таш аралаш шагылдар түшүп, унаа кыймылына кыйынчылык жаралгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
.

Ошондой эле, Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан келген сел суулары 14 турак жайдын короо жайларын жана анын ичинен 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирген. 2 даана электр мамысын кулатып жараксыз абалга келтирген. Айыл тургундары электр жарыксыз калган. 
Кара-Суу айыл аймагында Топ-Жаңгак айылында болуп өткөн шамал турак жайлардын чатырларын учуруп, жаңгак дарактарын жыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 
Авлетим, Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында Аксы райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү.
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы баштаган ыкчам топ Аксы районундагы кырдаал боюнча жеринде иш алып барууга жөнөп кетишкен.