Жаңылыктар
Баардык авариялык абалдагы мектептер оңдоп түзөөдөн өтөт
Билим
Баардык авариялык абалдагы мектептер оңдоп түзөөдөн өтөт

Жыл аягына чейин Кыргызстанда авариялык абалдагы бир да мектеп калбайт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо аземинде айтты. 

Аймактардагы авариялык абалдагы мектептерди кайра курууга республикалык бюджеттен акча бөлүндү. 

Жалпы жонунан авариялык абалдагы 111 мектеп куруулары күтүлүүдө. 

Алгач өтө кооптуу делген 22 мектеп салынып бүткөн соң, калган  билим уясында курулуштар жүрөт. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"