Жаңылыктар
Ички дүң продукциянын көлөмү 6,4 пайызды түздү
Экономика
Ички дүң продукциянын көлөмү 6,4 пайызды түздү

2017- жылдын алты айынын жыйныты боюнча Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 6,4 пайызды түздү.  2016- жылдын жыйынтыгы боюнча алганда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында 3,8 пайыз  өсүш менен Кыргызстан эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган. Бул туурасында июль айынын башында жергебизге келген Россия  Федерация жыйынынын федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко да белгилеп, кыргыз экономикасындагы  жагымдуу натыйжалар, мамлекет башчынын жана кыргызстандыктардын аракетинин акыбети экенин белгилеген. 

 Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2016-жыл менен салыштырганда 2017- жылдын 6 айында экспорттун көлөмү 30 пайызга өскөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге карата экспорт 29,3 пайызга импорт 6,3 пайызга жогорулаган.  Ички булактардын эсебинен түшкөн инвестициялардын көлөмү 1 пайызга, сырттан тартылган инвеститция 17 пайызга өскөн.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"