Баткен облусунун Кадамжай районунун Патхоз айылынын тургундары айдоо аянттарын сугаруу үчүн сел агымдарын колдонушту.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар Өзбекстан аркылуу аккан Нургазиев атындагы ирригациялык каналдан сугат сууларын пайдаланып келишкен. Айылда 800 га жер бар жана сугат суунун көйгөйү да оңой эмес. “11-июлда сел жүрдү. Бирок биз суунун агымын талаага буруп, жер тилкелерибизге ыңгайлаштырып сугарып алдык,” - деп билдиришти айыл тургундары.