Жаңылыктар
БШКда тренерлерди окутуу-семинарлары башталды
Шайлоо 2023
БШКда тренерлерди окутуу-семинарлары башталды

БШКга президенттикке катышууга  23  жарандан арыз түштү.   12-июлдан тарта БШКда тренерлерди окутуу-семинарлары  башталды. 

12-июлга карата БШКга президент болууну каалаган талапкерлерден 23 арыз келип түшкөндүгүн  “Биринчи радиого” Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов ырастады. Анын айтуусунда,  акыркы күндөрү арызын 3 талапкер  тапшырды.  Ал эми 11-июлда  өткөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайында, президенттикке Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтүу чечимин кабыл алышкандыгы  жаряланган. Бирок, БШКга  расмий арыз түшкөн эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгут иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан  тарта, 10-сентябрдан  башталат. Буга чейин БШК шайлоо алдындагы үгуткө катышууга 259 жалпыга маалымдоо каражатын аккредитациялады.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"