Жаңылыктар
Сереп: президенттик шайлоодо Бабанов негизги талапкерби?
Саясат
Сереп: президенттик шайлоодо Бабанов негизги талапкерби?

Казакстанда катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Мыйзамга ылайык, талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес  иштеген, адимнистративдик жоопкерчилик тартпаган, коррупция сыяктуу оор кылмыштарга аралашбаган болушу керек. Ал эми Кыргызстандын Конституциясына ылайык, президентикке ат салыша  турган жаран 35 жаштан жогору жана өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашаган, мамлекеттик тилди жакшы билген талапкер каттала алат.

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстанда катардагы адамдардын президенттикке талапкер болуусуна тыюу салган мыйзамга кол койду.  Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары билдиришти. Ага ылайык быйыл мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иштеген, административдик жоопкерчилик тартпаган, коррупция сыяктуу оор кылмыштарга аралашбаган болушу керек.

БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев мындай мызамды колдой турганын билдирип, керек болсо Конституцияга киргизиш керек дейт.

“Казакстанда жалпы талаптардан тышкары президентикке талапкер болгон адам административдик жана  дисциплинардык жоопкерчилик тартпаган болуш керек экен. Албетте коррупцияга  окшогон кылмыштарга аралашпаган. Бул биринчи талап. Экинчи талап  президентикке талапкер 5 жылдан кем эмес  мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбалуу болуш керек. Мен мындай мыйзамды  колдойм. Албетте бизде да ушундай болушу зарыл”. 

 Ал эми Кыргызстандын Конституциясына ылайык, президентикке ат салыша  турган жаран 35 жаштан жогору жана өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашаган, мамлекеттик тилди жакшы билген талапкер каттала алат. “Таза шайлоо” ассоциациясынын аткаруучу директору Тагир Осмоналиев тескерисинче Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы. Анткени кандайдыр бир чектөөлөрдү кабыл алуу үчүн Конституцияны өзгөртүүгө туура келет. Ал эми мыйзамды кайра кайра өзгөртө берген болбойт дейт.

“Негизинен  кандайдыр бир чектөөлөрдү кабыл алыш үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек  болуп калат. Ал эми кайра-кайра Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизгенда  болбойт. Конституцияны кабыл алгандан  кийин калган эң мыйзамдарды ошол Конституцияга ылайык дал келтирип жашашыбыз  керек”.

Кыргызстанда шайлоого талапкер болууну каалаган жаран кеминде 30 миңден ашык кол чогутуусу жана шайлоо күрөөсүнө 1 млн сом акча каражатын тапшыруусу эрежеге ылайык.  Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын ала турган болсок, ал жакта бул экөөнүн бири гана колдонулат. Эгерде мамлекеттик кызматта 5 жыл иштеш керек деген эржени киргизсек биз үчүн ашыкча болуп калат. Мындай мыйзамга азырынча кыргыз эли даяр эмес дейт Осмоналиев.

“Биздин мамлекетте  эки барьер бар. биринчиси кол топтоо, экинчиси млн сомду шайлоо күрөөсүнө коюу.  Ал эми өнүккөн мамлекеттерди карап көрсөк бир эле барьер бар: же кол топтоо же  күрөө. Эгерде биз мамлекеттик кызматта иштеш керек деген талапкерлерди да кошо  турган болсок, үч барьер болуп калат. Бул биз үчүн көп. Биз мындай барьерлерге  даяр эмесбиз”.

Жакында эле Монголияда президенттик шайлоо болуп өттү. Ага байкоочу катары катышып келген Кайрат Осмоналиев үч партиядан бирден гана талапкер чыкканын билдирди. Ал эми Америкада дагы ушундай эле көрүнүш. Францияда 23 жаштан эле президенттикке талапкер катары чыга алат.  

"Америкада  баарыбызга белгиүү болгондой эки эле партия бар. Президенттикке талапкер болгон  жаран партиялык тизмеден чыгып өзүн көрсөтөт. Ал эми Францияда 23 жаштан жогору  талапкер катары каттала алат. Бирок булар партиялык системадан өтүшөт. Жакында  эле Монголияда өткөн президенттик шайлоодо болгону үч талапкер ат салышкан".

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 22 кишиге жетти. Арасында депутаты, министри, эксперти, ишкери, пенсионери жада калса бекерпозу деле бар. Эл аралык эксперт Чынара Эсенгул талапкерлердин көпчүлүгү бизнес чөйрөсүнөн экенин айтат. Ал адам канчалык бай  ишкер болбосун мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп саясат жүргүзүп кетерине ишеним бербейт.

“Бизнестен келген  Трамп мырзаны деле айтышпадыбы саясат жүргузүүнү жакшы билбейт деп. Жалпылап  айта кетсем Бабанов мырза да күчтүү конкурент жана негизги талапкер. Мисалы жаңыча ойлонот, жаңы реформаларды жүргүзгүсү келет. Бирок саясатчы катары  тажрыйбасы жакшы жете элек. Бизнести түшүнө билгени менен бизнес менен саясат,  тышкы саясат, глобалдык саясат башка нерселер. Өзүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин  кызыкчылыгына аралаштырбаш керек”.

Жогоруда аталган талапкердин көптүгү жана ар кайсы тармактан келгендиги жана ошондой эле буга окшогон суроолор менен редакциябызга да кайрылгандар бар.  Талапкерлердин козу карындай көптүгү Кыргызстандын шайлоо тарыхында биринчи жолу болуп аткан жок. Эске сала кетсек буга чейин 2011-жылдагы президенттик шайлоодо 80ден ашуун адам талапкерлигин койгон.

Жыйынтыктап айтканда, талапкерлердин азыркы саны ушуну менен токтоп калбайт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат. Андыктан бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Адистердин айтуусунда талапкерлер иргелип олтуруп 10го жетпегени калат. Ал эми чыныгы күрөш эки үч талапкердин ортосунда болмокчу.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"