Жаңылыктар
Табигат кырсыгынан жабыркагандарга битир-садаканын эсебинен жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Табигат кырсыгынан жабыркагандарга битир-садаканын эсебинен жардам берилди

Табигат кырсыктарынан улам, баш паанексиз калган Чоң-Алай, Өзгөн райондорундагы жарандардын сегизине муфтият тарабынан 2 миллион 800 миң сом берилди. 350 миң сом акча каражатын аз камсыз болгон, жардамга чыныгы муктаж сегиз үй-бүлө алды. 

Бул үй-бүлөлөр аймактарда түзүлгөн атайын комиссиянын чечиминин негизинде тандалып алынган. Башкармалыктан билдиргендей, берилген жардамда ар бир Кыргызстандык жарандын салымы бар. Анткени, каражат Орозо айында топтолгон битир-садаканын эсебинен берилди. Жардам берүү боюнча чечим Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын аалымдар кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

Эске салсак, 29-апрелдеги жер көчкү Өзгөндүн Аюу айылындагы 24 жарандын өмүрүн алган. Андан кийин, 3-майда Чоң-Алай өрөөнүндөгү жер титирөөдөн 630 турак үй авариялык абалга келген.