Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши набыт болду
Кырсык
Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки киши набыт болду

12-июль күнү Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында катталган жол кырсыгынан бир аял жана анын 13 жаштагы баласы мерт болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

"Унаанын ичинде атасы, апасы жана үч баласы болгон. Кырсыктын кесепетинен апасы менен бир уулу каза болуп, дагы 10 жана 11 жаштагы балдардын баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылган. Балдардын атасы жаракат алган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы катталганын тастыктады.