Жаңылыктар
Ак-Талаа районунда асыл тукум уйдун санын көбөйтүү колго алынууда
Айыл чарба
Ак-Талаа районунда асыл тукум уйдун санын көбөйтүү колго алынууда

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен, мал этине болгон суроо-талап жогорулады. Мындан улам төрт түлүктүн мекени саналган Нарын облусунда ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу колго алынды. Бардык айылдарда ветпункттардын, клиникалардын жана сервистердин материалдык-техникалык базалары кыйла оңолду.

Мисалы, ушу кезге дейре мал арасындагы жугуштуу оорулардан арыла албай келген Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагындагылар акыркы эки жылда эле чоң секирик жасап, азыр бул жерде асыл тукум уйдун саны көбөйүүдө. Буга сырттан тартылган инвестиция шарт түздү. Эл аралык уюмдар караган бир жарым миллион сомго жасалма уруктандырууга эң зарыл жабдуулар сатылып алынды. Учурда жергиликтүү эл анын алгачкы үзүрүн көрүп, келечекте 15-20 литрден кем эмес сүт бере турган музоолор туулду. 

"Элдин кызыгуусу жакшы буюрса. Азыр айыл ичинде 100дөй уй бар. Ошолорду куудурабыз деп кармап турушат. Ар бир уйду 500 сомдон куудурабыз. Уруктарды Малайзиядан алып келебиз. Мурункулары Швейцариядан алынган",- деди Жерге-Тал айыл аймагынын ветеринары Рыспай Молдобаев.

Эскерте кетсек, мурда жергиликтүү уйлардын эң эле кыйынынан болгону 5-7 литрден гана сүт саалып келген.