Жаңылыктар
Газ толтуруучу станциялардагы өрт коопсуздугу көзөмөлгө алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Газ толтуруучу станциялардагы өрт коопсуздугу көзөмөлгө алынат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков газ толтуруучу станциялардагы өрт коопсуздугун көзөмөлгө алууну тапшырды. 

Өкмөт башчысы техникалык талаптарды сактоодогу шалаакылыктардан улам каргашалуу окуялар көп катталып, алар адам өмүрүн алуу менен коштолуп жатканын белгиледи. Күйүүчү майдын баасына салыштырмалуу арзан болгондуктан көгүлтүр от менен жүрүүчү унаалар көбөйүүдө. 

Учурда жалпы өлкө боюнча 116 газ куюучу станция бар. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын текшерүүлөрүнөн кийин алардын айрымдары кемчилигин оңдомоюнча убактылуу иши токтотулган.