Жаңылыктар
Бишкек: дзюдо боюнча Азия чемпиондугу башталды
Спорт
Бишкек: дзюдо боюнча Азия чемпиондугу башталды

Бүгүн баш калаадагы "Арча-Бешик" ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде жаштар арасында өтө турган дзюдо боюнча Азия чемпиондугу башталды.

Мелдештин биринчи күнүндө Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси болду. 3-орун үчүн болгон кармашта Кубанычбек Айбек уулу өзбекстандык Максуд Очилов менен беттешип жеңишке жетти.

Таймаш 2000-2002-жылкы дзюдочулар арасында жүрүп, ага 15 өлкөнүн балбандары келишти. Кыргызстан, Гонконг, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнамдан жалпы 158 спортчу медаль үчүн ат салышат.