Жаңылыктар
Кадамжайдагы сел кесепеттерин тез арада жоюу аракеттери көрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Кадамжайдагы  сел кесепеттерин тез арада жоюу аракеттери көрүлүүдө

Кадамжай районунда селден улам жарыксыз калган 4 миң 300 үй-бүлөгө электр энергиясы берилип 19 турак жайга жарык берүү иштери уланууда. Ошондой эле жергиликтүү элге тез арада таза суу берүү үчүн учурда жараксыз абалга келген суу түтүктөрү алмаштырылууда. Табигый кырсык болгон аймакта Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп, абал менен таанышты. Сел кесепеттерин жоюу иштерин тез арада бүткөрүү жана турак жайсыз калган жарандарга жардам берүү тапшырмасы коюлду.

Сел келген сайдын боюнда жайгашкан турак жайлар 2012-жылы да кыян суудан жабыркаган. Беш жыл аралыгында жээктерди бекемдөө иштери болгон эмес, дешет тургундар. Бул ирет материалдык чыгым тарткан жергиликтүү жашоочулар эмне кылаарын билбей турушат

Охна айылында селден жабыркаган аймакка ӨКМ министринин орун басары келип, абал менен таанышты. Учурда тийиштүү техникалар жеткирилип, сел келген сайдын жээктери бекемделип, суунун нугу тазаланууда. Сел Охна айылында 1 турак үйдү толугу менен бузуп кеткен. 3 ички чарбалык көпүрөнү агызып, 300 метр ички чарбалык жол жана 500 метрге созулган ички чарбалык арыктар кум шагылга толуп калды.