Жаңылыктар
Алтай элдеринин маданиятын жана тарыхын чагылдырган экспозиция ачылат
Маданият
Алтай элдеринин маданиятын жана тарыхын чагылдырган экспозиция ачылат

"Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери" форумунун алкагында 21-июль күнү Ысык-Көлдөгү Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы болот. Көргөзмө-жармаңкеде Кыргызстандын бардык музейлеринен алынган Алтай цивилизациясынын элдеринин маданияты жана тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлат. 

Мындай форум кыргыз жеринде биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Ошондуктан, жоопкерчилик да жогору. Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын музейинде даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Комплекс жашылдандырылып, аянты тосулуп, жадагалса унаа токтотуучу жайлар да курулуп жатат. Бул жерде 21-июль күнү Европа, Америка, Жапония, Корея, Кытай, Орусия жана КМШ мамлекеттеринин окумуштууларынын катышуусунда “Алтай көчү” экспозициясы ачылат.


Экспозициянын программасы боюнча айта турган болсок, 30 боз үй тигилип, алтай элдери - кыргыз, казак, татар, уйгур, башкыр жана башка элдердин жашоо-турмушу көрсөтүлөт. Долбоордун үстүнөн эки жумушчу топ иштеп жатат: биринчиси - тарыхчылар, этнографтар, алар тарыхый материалдар боюнча иштеп, экспозициянын концепциясын түзүүдө. Экинчиси - техникалык топ. Экспозицияда Кыргызстандын ири музейлеринен алынган 300дөн ашык экспонаттар коюлат. Ошондой эле, арт-менеджер, сүрөтчүлөр, дизайнерлер да өз эмгектерин көрсөтүшөт. “Көчмөндөрдүн алтын бешиги” деген идеологиянын негизинде музейдин 15 гектар аянты дагы кенейтилип, экспонаттар көбөйтүлөт.

Кыргызстан алтай цивилизациясы тууралуу маселени биринчилерден болуп көтөрдү. Демек, бул форум чоң иштин башаты. Иш-чара Евразия аймагында жашаган алтай элдеринин тилдерин, алардын тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданият жаатындагы долбоорлордун жыйынтыктарын талкуулай турган жаңы аянтча болуп калат.