Жаңылыктар
Президенттик шайлоодо ат салышкысы келгендердин саны күн санап көбөйүүдө
Шайлоо 2023
 Президенттик шайлоодо ат салышкысы келгендердин саны күн санап көбөйүүдө

Президенттик шайлоодо ат салышкысы келген адамдардын саны күн санап көбөйүүдө. Ушул күндө БШКга 23 талапкер арыз менен кайрылган. Алардын ичинен үч талапкерди партиялар сунуш кылса, калганы өзүн өзү көрсөткөндөр. Мурунку президенттик шайлоодо Кыргызстан ат салышкан 80ден ашык талапкер менен аты чыккан. Бул ирет дагы президенттик орунду эңсегендер аз эмес. Талапкерлердин катарын туруктуу жумушу жок, эл тааныбаган, атүгүл кылмышка аралашкан жарандар толуктап жатат. Мисалы, “Улуттар аралык кастыкты козгогон” деп айыпталып жаткан Игорь Трофимов атуу жаран өзүн талапкер катары көрсөткөн. Ага карата кылмыш иши ачылып, 31-майда тергөө абагына киргизилген.



Кылмыш демекчи, иши козголуп, тергөө абагында жаткан чиновниктер дагы президенттикке өзүн көрсөтүүдө. БШКга экс-депутат Садыр Жапаровдун атынан президенттик талапкер кылып каттоо тууралуу арыз түшүп, бирок БШК документте мүчүлүштүк бар деп арызды кабыл ала элек. Сот иши жүрүп жаткан Өмүрбек Текебаев дагы талапкерлердин тизмесин толуктаган. Саясий серепчилердин айтымында, кылмыш айыбы тагылган адамдар шайлоону бетине кармап жоопкерчиликтен четтеп жатышат. Мыйзам боюнча кылмыш иши ачылган талапкердин арызын БШК кабыл албай коё албайт. Эгер күнөөсү далилденип, соттун өкүмү күчүнө кирсе, анда ал талапкер жыдыйт.

Мыйзамга ылайык 35тен 70 жашка чейинки жаштагы жаран талапкерлигин көрсөтө алат. Талапкердин бири 32 жаштагы Куттубек Бешбаков шайлоо жарышынан чыкканы турат. Баарына байкоо салып турган коомчулук болсо арты таза,озүн эмес өлкөнүн келечегин ойлогон адам келсе деп ойлойт. Өнүккөн өлкөлөрдө төбөсү көрүнгөн саналуу адам шайлоого аттанат. Ал эми коңшу өлкө мыйзамына өзгөртүү киргизди. Мындан ары Казакстанда президент болуу үчүн талапкердин мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы талап кылынат. Кыргызстандык талдоочулардын пикиринде дүйнөлүк практикадан үлгү алып талапкерлерге карата мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.