Жаңылыктар
Президенттик шайлоону өткөрүүгө бирдиктүү даярдыктар
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоону өткөрүүгө бирдиктүү даярдыктар

Президенттик шайлоону өткөрүүгө мамлекеттик органдар Борбордук шайлоо комиссиясына ар тараптуу жана өз убагында жардам берүүгө тийиш. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев президенттик шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүүгө арналган шайлоо комиссияларынын республикалык штабынын биринчи жыйынында айтты. 

Биринчи вице-премьер маалымдагандай, жакынкы күндөрү шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерине көмөк көрсөтүү боюнча облустук жана райондук деңгээлдеги штабдар түзүлөт. Жыйында БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын тизмеси такталып жатканын, ал эми финансы министри шайлоону өткөрүү үчүн 471,4 миллион сом (шайлоонун эки айлампасын эске алуу менен), ал эми Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттерде шайлоо участкаларын ачуу үчүн 8,2 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. 

Шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 9 миңге жакын тартип сакчысы тартылат. Абулгазиев өзгөчө көңүлдү шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы күрөшкө жана шайлоо участкаларынын имаратынын коопсуздугун сактоого буруу зарыл экенин баса белгиледи.