Жаңылыктар
Компанияларды жана мекеме жетекчилерди аныктаган рейтинг чыгарылды
Экономика
Компанияларды жана мекеме жетекчилерди аныктаган рейтинг чыгарылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун коомдук кеңеши өлкөдөгү мыкты жана эң начар иштеген компанияларды жана мекеме жетекчилерди аныктаган рейтингин чыгарды. Изилдөөдө мекеменин активдери, ишмердүүлүгү, киреше, чыгашалары эске алынган.

Алдыңкы жетекчилердин катарына “Манас” аба майданынын жетекчиси Эмил Чукуев, “Альфа Телекомдун” башчысы Азат Базаркулов жана “Улуттук энергохолдингдин” төрагасы Айбек Калиев кирди.

Мындай иликтөөлөр компаниялар ортосунда атаандаштыкты пайда кылып, ал өсүүгө алып келерин серепчилер белгилешсе, буга карата сын айткандар да бар.

Кыргызстанда мамлекеттин үлүшү бар компания жана акционердик коомдордун саны 1130га жетет. Алардын ичинен 166 ишкана гана иштеп жатканы аныкталган.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"