Жаңылыктар
Өлкө боюнча 170 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө боюнча 170 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, башкалар сыяктуу толук кандуу билим алып, иш менен камсыз болгулары келет. Бирок ушул күнгө чейин алардын укуктарын коргой турган конвенциянын ратификация болбой жатканы буга тоскоолдук кылууда. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар БУУ тарабынан майып адамдардын укугун коргой турган конвенцияны  өкмөт жана парламент эртелеп  ратификациялашын  талап кылышууда. 

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын саны жыл санап өсүүдө. Баардыгын камкордукка алуу үчүн өкмөт тарабынан көп каражат талап кылынат. Бирок  БУУнун майып жарандардын укугун коргой турган конвенция ратификацияланса, алардын бир тобу толук кандуу иштеп өзүн өзү бакканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк дешет. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"